Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбеков Катар Мамлекетинин Эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль-Тани менен жолукту
2019-жылдын 15-июнунда Душанбе шаарында Азиядагы өз ара аракеттешүү жана ишеним чаралары боюнча Кеңешменин 5-Саммитинин талааларында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Катардын Эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани менен жолугушту.
Эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө пикир алмашуу болду. Тараптар өз ара пайдалуу кызматташууга даяр экендигин билдиришти.