Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Убактылуу ишенимдүү өкүлү Авазбек Атаханов Катар Мамлекетинин Кайрымдуулук иштери боюнча кызматынын Башкы директору Ибрагим бин Абдулла Аль-Дехайми мырза менен жолугушуу ѳткѳрдү

6681

Ушул жылдын 24-июнунда, Доха шаарында, Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Убактылуу ишенимдүү өкүлү Авазбек Атаханов Катар Мамлекетинин Кайрымдуулук иштери боюнча кызматынын Башкы директору Ибрагим бин Абдулла Аль-Дехайми мырза менен жолугушуу ѳткѳрдү. Сүйлѳшүү учурунда эки мамлекеттин ортосундагы гуманитардык жана кайрымдуулук тармактарындагы кыматташтык багыттары, ошондой эле Кыргыз Республикасында бир катар социалдык-гуманитардык долбоорлорду биргеликте ишке ашыруу жана социалдык колдоого муктаж болгон адамдарга жардам берүү маселелери талкууланды. Жолугушуунун жыйынтыгында талкууланган маселелер боюнча тыгыз өз ара координациялоо жана чогуу иштердин приоритеттик тармактарын аныктоо максатында ар кандай деңгээлдеги бир нече өз ара сапарларды уюштуруу макулдашылды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK