Кыргыз-катар мамилелеринин тарыхы
1998-жылдын 3-мартында Кыргыз Республикасы менен Катар Мамлекети дипломатиялык мамилелерди орнотуу жөнүндөгү Протоколго кол коюшкан. Протоколдун долбоорун көрүш үчүн ссылканы басыңыз
2012-жылдын 2-октябрында Катар Мамлекетинин Кыргыз Республикасындагы Элчилиги ачылган. 2014-жылдын 8-декабрында Кыргыз Республикасынын Президенти “Кыргыз Республикасынын Элчилигин Катар Мамлекетинде түзүү” Жарлыгына кол койгон. Баардык чарбалык-уюштуруу жана протоколдук маселелер чечилгенден кийин 2016-жылы июнь айында Кыргыз Республикасынын Доха шаарындагы Элчилигинин имараты ачылган.