Кыргызстан менен Катардын ТИМ башчылары жолугушту

6470

2020-жылдын 14-февралында Мюнхен коопсуздук конференциясынын ишине катышуунун алкагында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Катар Мамлекетинин Премьер-министринин орун басары, Тышкы иштер министри шейх Мохаммед бин Абдульрахман Аль Тани менен жолугушуу өткөрдү.

Кыргыз-катар эки тараптуу кызматташтыгынын маселелери жана аны өнүктүрүүнүн келечектери талкууланды. Эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери саясий диалогдорду активдештирүү жолу менен эки жана көп тараптуу форматтарда конструктивдүү диалогду мындан ары тереңдетүү зарылдыгын билдиришти.

Эң жогорку деңгээлдеги сапарларды өткөрүүгө, экономикалык жана маданий-гуманитардык, туризм чөйрөлөрүндө мамилелерди тереңдетүүгө, өлкөнүн экономикасына катардык инвестицияларды тартууга тараптардын өз ара кызыкдарлыгы билдирилди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK