2020-жылдын 4-октябрындагы КРнын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоого катышуу тууралуу жарандарга кулактандыруу

5431

Урматтуу мекендештер,

         2020-жылдын 4-октябрындагы КРнын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоого катышуу боюнча төмөндөгүнү кабарлайбыз.

         Катар Мамлекетинде жашаган жарандарыбыздын шайлоо укуктарын ишке ашыруу үчүн, КРнын Борбордук шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы № 9050 шайлоо участкасын бекитти (Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Элчилиги).

         Биометрикалык маалыматтарын тапшырган жана Элчиликтин консулдук каттоосуна турган жарандар түрдө шайлоо участогундагы шайлоочулардын тизмесине киргизилди.

         Шайлоочулардын тизмесинен өзүңүздөрдү табуу үчүн төмөндөгү шилтеме аркылуу аты-жөнүңүздөрдү жазып текшерип көрүңүздөр:

https://tizme.gov.kg/view/public/tik_list_public.xhtml

         Ушуга байланыштуу, ким буга чейин консулдук каттоого турган эмес болсо, (2020-жылдын 20-сентябрына чейин) ыкчам түрдө Элчиликке +974 50667001 ватсап номерине жазып, консулдук каттоого туруунуздарды өтүнөбүз. Мекендештердин басымдуу бөлүгү Qatar Airways компаниясында эмгектенгендигине байланыштуу, аталган компанияда иштеген жарандарыбызды активдүү түрдө консулдук каттоого турууга чакырабыз.

        

         Эскертүү: Тажрыйба көрсөткөндөй, кээ бир жарандар шайлоо күнү консулдук каттоого жана тиешелүү шайлоочулардын тизмесине кирбей туруп, шайлоо участогуна келип алышат. Ушуга байланыштуу, шайлоо күнү шайлоо участогуна келип, өзүңүздөрдү тизмеден таппай калбаш үчүн, азыртадан камданып тизмеге кирүүгө аракет кылыңыздар.

         Суроолор болсо 50667001 ватсап номерине жазыңыздар.

Толук маалыматты, Элчиликтин сайтынан төмөндөгү шилтеме аркылуу алсаңыздар болот:

https://mfa.gov.kg/ru/dm/posolstvo-kyrgyzskoy-respubliki-v-gosudarstve-katar/news/8174

         Бул кулактандырууну Катарда жашаган мекендештерге

жеткирип коюуну өтүнөбүз.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK