лчи Чынгыз Эшимбеков Катар Мамлекетинин Тышкы иштер министрлигинин Азия иштери боюнча департаментинин Директору Элчи Халид Ибрахим Аль-Хамар менен жолугушуу өткөрдү

4898

Үстүбүздөгү жылдын 20-октябрында Доха шаарында Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Чынгыз Эшимбеков Катар Мамлекетинин Тышкы иштер министрлигинин Азия иштери боюнча департаментинин Директору Элчи Халид Ибрахим Аль-Хамар менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө, Элчи Ч.Эшимбеков Кыргыз Республикасындагы учурдагы ички саясий кырдаал жөнүндө маалымат берип, өлкөдөгү кырдаал турукташкандыгын жана саясий процесстер укуктук талаада өнүгүп жаткандыгын белгиледи. Бийликтин баардык бутактары штаттык режимде иштеп, ал эми мамлекеттик органдар өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарып жаткандыгын баса белгиледи.

Тараптар эки тараптуу кызматташтыктын саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык тармактарындагы актуалдуу маселелерин, анын ичинде жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу маселелерин дагы талкуулашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK