Кыргызстандын Элчиси Ж. Кулубаев Алматы облусунун Талды-Коргон шаарында өткөн «Манас» -улуу талаанын Улуу мурасы» форумуна катышты

4689

28-июнда Кыргыз Республикасынын Казакстандагы Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси Ж.Кулубаев Кыргыз Республикасынын Президентинин Кеңешчиси С. Раев башында турган кыргыз делегациясынын курамында Алматы облусунун Талды-Коргон шаарында өткөн Эл Аралык Түрк Академиясы уюштурган “Манас” – улуу талаанын Улуу мурасы” форумуна катышты.

Форумдун ачылыш аземинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Кеңешчиси С. Раев Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш. Жээнбековдун Форумдун катышуучуларына кайрылуусун окуп берди. Форумда чыгып сүйлөгөн Алматы облусунун акими А.Баталов Кыргыз Республикасынын Президентинин Кеңешчиси С. Раев башында турган кыргыз делегациясы менен жылуу учурашты.

Элчи Ж. Кулубаев өз сөзүндө Форумдун уюштуруучуларына ыраазылыгын билдирип «Манас» эпосунун түрк элдери үчүн ролун жана маанисин белгилеп кетти. Бир тууган эки элдин жакындашуусунун жана өз ара маданияттарын пропагандалоонун маанисин баса белгилеп, муундан-муунга өткөрүп берүү үчүн байыркы эпосторду изилдөө боюнча жаңы ыкмаларды иштеп чыгуу зарылдыгына катышуучулардын көңүлүн бурду.

Кыргызстандын жана Казакстандын окумуштуулары тарыхий документтерди санариптештирүүнүн алкагында байыркы эпосторду жайылтуу жана изилдөө боюнча пландары жөнүндө айтып беришти.

Форумдун алкагында Эл Аралык Түрк Академиясы даярдаган латын тилиндеги «Манас» эпосунун презентациясы болду.

  • Кыргызстандын Элчиси Ж. Кулубаев Алматы облусунун Талды-Коргон шаарында өткөн «Манас» -улуу талаанын Улуу мурасы» форумуна катышты
  • Кыргызстандын Элчиси Ж. Кулубаев Алматы облусунун Талды-Коргон шаарында өткөн «Манас» -улуу талаанын Улуу мурасы» форумуна катышты

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK