Төрага Дастанбек Жумабеков: «Чоӊ Евразияны куруу идеясын ишке ашыруу – колдон келе турган нерсе»

2753

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Нур-Султан шаарында (Казакстан) өтүп жаткан Евразия өлкөлөрүнүн парламент спикерлеринин IV отурумуна катышып, анын жүрүшүндө сөз сүйлөдү.

Белгилей кетсек, Евразия өлкөлөрүнүн парламент спикерлеринин IV отурумуна 65 өлкөнүн делегациялары катышууда, анын ичинде 41 делегацияны спикерлер жетектеп барган. Ал эми биринчи жана экинчи отуруму 2016-жылы Москва шаарында (Россия) жана 2017-жылы Сеул шаарында (Түштүк Корея), ал эми үчүнчү отуруму 2018-жылы Анталия шаарында (Түркия) өткөн. Евразия өлкөлөрүнүн парламент спикерлеринин отурумун жыл сайын өткөрүп туруу демилгеси Россия Федерациясы менен Түштүк Корея өлкөлөрүнө таандык.

Бул жолку иш-чаранын күн тартиби кыйла жыш болду. Анын жүрүшүндө чыгып сүйлөгөн спикерлер тарабынан экономикалык кызматташтык мамилелерди жандандыруу, Евразияда туруктуу өнүгүүнү камсыздоо, ар кандай дүйнөлүк чакырыктар менен коркунучтарга каршы биргелешип туруштук берүү маселелери көтөрүлдү. Катышуучулар бир аянтчага Евразия континентинин парламент башчыларынын баарын чогултуп жаткандыктан, бул жолугушуулардын форматы өтө олуттуу экенин баса белгилешти.

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков өз сөзүндө кеӊешмеге көптөгөн парламенттердин өкүлдөрү катышып жатышы парламенттер аралык пикир алышуунун зарылдыгын туюндуруп турганын, Чоӊ Евразияны куруу идеясы дүйнөлүк коомчулуктун кызыгуусун туудуруп жатканын билдирди. Ал кеӊешменин күн тартибине коюлган маселелердин маанисине кайрылып, мында Казакстандын туӊгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин тарыхый ролу зор экенин белгиледи.

Төрага азыркы ааламдашуу доорундагы көйгөйлөр менен чакырыктар кескин өзгөрүп жатканын айтуу менен «Салттуу аймакташуу алкагынан ары чыккан интеграциялык мамилелерди дагы тереӊдетүү жана кеӊейтүү зарылдыгы барган сайын даана байкалууда. Дегеле мамлекетти өнүктүрүү саясий алакалар менен өз ара экономикалык кызыкчылыктардын чегин кеӊейтүүнү көздөйт», - деди.

Дастанбек Жумабеков колдо турган бардык мүмкүнчүлүктөрдү ишке ашырууда, Евразия экономикалык бирлигин, Жибек жолу экономикалык алкагын жана Европа бирлигин бирдиктүү интеграциялык долбоорго бириктирүү - туруктуу жана коопсуз дүйнө курумунун мыкты үлгүлөрүнүн бири болорун белгиледи.

«Соода мамилелерин либералдаштыруу, транспорттук-транзиттик инфратүзүмдөрдү өнүктүрүү, жаӊычыл жана индустриалдык кызматташтык алакаларды арттыруу биздин өлкөлөрдүн өнүгүү деӊгээлиндеги айырмачылыктарды азайтууга, трансконтиненталдык жана деӊиз жолдоруна чыгууга жол ачат. Мындай чаралар аймактык мүнөздөгү көптөгөн көйгөйлөрдүн чечилишине жана Евразиянын глобалдык коркунучтар менен чакырыктарды чечүүдөгү ролунун жогорулашына мүмкүнчүлүк түзөрү бышык», - деген Дастанбек Жумабеков Чоӊ Евразияны куруу идеясын ишке ашыруу – колдон келе турган нерсе экенин кошумчалады.

Эске салсак, Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган парламенттик делегациянын курамында депутаттар Махабат Мавлянова, Урмат Самаев, Алмаз Жутанов, Нодирбек Каримов бар.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK