Президент Сооронбай Жээнбеков: Казакстан — биздин ишенимдүү өнөктөшүбүз жана жакынкы ынак кошунабыз

2840

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-ноябрда Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин мамлекеттик визитинин алкагында массалык маалымат каражаттары үчүн билдирүү жасады.

 

Мамлекет башчысынын билдирүүсүнүн тексти:

 

«Урматтуу Касым-Жомарт Кемелевич,

                Меймандос кыргыз жергесине мамлекеттик визит менен келгениңизге ыраазы экенибизди дагы бир ирет билдирем.

Сиздин иш-сапарыңыз кыргыз-казак мамилелеринин мындан ары карай өнүгүүсүнө күчтүү таасир этет деп ишенем.

 

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү!

Бүгүн Касым-Жомарт Кемелевич менен эки тараптуу кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын талкууладык.

Биз кыргыз-казак мамилелеринин кеңири  чөйрөсүн камтыган мазмундуу жана натыйжалуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдүк.

Алар өз ара ишенимдин жана түшүнүүнүн нугунда өткөнүн белгилейм.

Биздин боордош өлкөлөрүбүздүн ортосундагы союздаштык мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары карай өнүктүрүү жана тереңдетүү маселесин талкууладык.

Ушул иш-сапардын алкагында акыркы беш жылдан бери өткөрүлбөй келген Жогорку мамлекеттер аралык Кеңештин отуруму болуп  өттү.

Биз соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, суу-энергетика жана транспорт багыттарындагы өз ара аракеттенүүгө көңүл бурдук.

Андан башка багыттарда да кызматташтыгыбызды кеңейтүү тууралуу макулдаштык.

Тарыхы, тили, дини жана каада-салты окшош, боордош эки элдин маданий кызматташтыгы маселелерине абдан чоң көңүл бурдук.

Аталган чөйрөдө кызматташтыкты мындан да жигердүү өнүктүрүү зарыл деген бир пикирге келдик.

Евразия экономикалык бирлигинин алкагында өз ара аракеттенүү маселелерин талкууладык.

Ошондой эле регионалдык жана эл аралык маселелер боюнча пикир алмаштык.

Көп тараптуу кызматташтыктын форматында биргелешкен аракеттерди белгиледик.

Биздин өлкөлөр арасында өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмүнүн көбөйгөнүн канааттануу менен белгиледик.

Былтыркы жылга салыштырмалуу бул көрсөткүч быйыл 10,5 пайызга жогорулады.

Кыргызстанда биргелешкен кыргыз-казак ишканаларынын саны 1900гө жеткени-экономика багытында дагы жаңы ийгиликтер болооруна негиз түзөт.

 

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү!

Бүгүнкү сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду.

Негизги документтердин бири — Кыргызстандын жана Казакстандын ортосунда үч жылдык Кызматташтык боюнча комплекстүү программа.

Аталган программа эки тараптуу кызматташтыктын бардык чөйрөлөрүн камтыйт.

 

Жалпысынан, кыргыз тарап сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктарына ыраазы экенин жана өз ара аракеттенүүбүз жемиштүү уланып жатканын өзгөчө белгилейм.

Бүгүнкү сүйлөшүүлөр мындан ары да бардык деңгээлде саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну жигердүү улантууга түрткү берет.

 

Урматтуу катышуучулар!

Казакстан — биздин ишенимдүү өнөктөшүбүз жана ынак кошунабыз.

Кыргызстандын жана Казакстандын ортосундагы боордоштук, союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелери — биздин элдердин бакубат жашоосуна өбөлгө болот.

Казакстан Республикасынын Президенти урматтуу Касым-Жомарт Кемелевич Токаевдин мамлекеттик иш-сапарынын жыйынтыктары кыргыз-казак элдеринин ынтымагын, бир туугандыгын арттырууга кызмат кылат».

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK