2019-жылдын 1-декабрында Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Элчилиги Нур-Султан шаарында аккредиттелген элчиликтердин жана эл аралык уюмдардын 12 жылдык кайрымдуулук Рождествого арналган жарманкесинде катышты

2899

2019-жылдын 1-декабрында Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Элчилиги Нур-Султан шаарында аккредиттелген элчиликтердин жана эл аралык уюмдардын 12 жылдык кайрымдуулук Рождествого арналган жарманкесинде катышты.

Бул иш-чарада 53-дипломатиялык миссиялардын өкүлдөрү катышты. Айлана-чөйрөгө карата достук мамиле жана органикалык азык-түлүк - быйылкы жарманкеде айлана-чөйрөнү коргоо өзгөчө темасы болуп калды.

Нур-Султан шаарында жылдык жарманкенин уюштуруучусу Казакстанда аккредиттелген Элчилердин жубайлардын бирикмеси (ASA) болуп саналат.

Жарманкенин ачылыш аземинде Казакстанда аккредиттелген Элчилердин жубайлардын бирикмесинин башчысы, Швейцариянын Казакстандагы Элчисинин жубайы Л.Шмид, Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Р.Василенко, дипломатиялык корпустун дуайены, Беларустун Казакстандагы Элчиси А.Ничкасов саламдашуу сөздөрү менен сүйлөп чыгышты.

Кыргыз Республикасынын Казакстандагы Элчилигинин уйүндө улуттук тамак-аш жана суусундуктар, салттуу маданият жана кол өнөрчүлүк буюмдар, Кыргызстандын экспорттук азыктарын берилген. Иш-чаранын коноктору Кыргыз Республикасынын туристтик жана инвестициялардын потенциалы менен таанышып чыгышты.

Жарманкенин негизги максаты - оор жагдайга туш болгондорго жардам берүүгө көп адамдар, ишканалардын жана уюмдардын күч-аракеттерин бириктирүү. Келип түшкөн бардык каражаттар балдар үйлөрүнө жардам аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилет.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK