2019-жылдын 24-декабрында Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ж.Кулубаев Нур-Султан шаарынын Акими А.Кульгинов менен жолугушту

4085

2019-жылдын 24-декабрында Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ж.Кулубаев Нур-Султан шаарынын Акими А.Кульгинов менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Бишкек жана Нур-Султан шаарларынын жана эки борборлорунун мэриялары ортосундагы кызматташтык маселелери анын ичинде 2020-жылга карата эки тараптуу кызматташуунун келечек багыттарын жана пландарын талкууланды.

Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ж.Кулубаев жарандардын жашоо-турмушунун сапатын жакшыртуу боюнча тажрыйба алмашуу максатында Нур-Султан шаарына Бишкек шаарынын Мэриясынын эксперттердин иш сапарыны уюштурууда кыргыз тарабынын кызыкчылык экендигин билдирди.

Ошондой эле тараптар Нур-Султан шаарында Манастын эстелигинин жана Ч.Айтматовдун эстелигинин орнотуу үчүн маселелерди талкуулашты.

Нур Султан шаарынын Акими А.Кульгинов, өз кезегинде, Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Элчилиги жана Бишкек шаарынын Мэриясы менен жогорудагы маселелери чечүү үчүн чогуу иштегенге даяр экендигинин билдирди. А.Кульгинов ошондой эле Нур-Султан шаарына Бишкек шаарынын Мэри иш сапары менен кабыл алууга казак тарабынын даяр экендегинин билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK