2019-жылдын 24-декабрында Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ж.Кулубаев Нур-Султан шаарында жашаган кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү

3962

2019-жылдын 24-декабрында Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ж.Кулубаев Нур-Султан шаарында жашаган кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө, Элчи Ж.Кулубаев 2019 жылда Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы кызматташтыгынын чөйрөсүндө болуп өткөн маанилүү иш-чаралар жөнүндө, Элчиликтин иши тууралуу жолугушуун катышуучуларына маалымдады.

Элчи Ж.Кулубаев диаспорасынын өкүлдөрүнө Элчилик менен кызматташууларына, турмуштун оор кырдаалдарына кабыл болгон Казакстан Республикасындагы Кыргыз Республикасынын жарандарына жардам жана көмөк көрсөтүүгө жигердүү катышуусу үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын Президентинин карамагындагы чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыш түзүү Кеңешинин (мында ары-Кеңеш) мүчөлөрү Аширбеков Жарашбек жана Шаматов Дуйшон ушул жылдын август айында Бишкек шаарында болуп өткөн Кеңештин жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча кыскача отчетун маалымдашты.

Ошондой эле,  "Мекен-карт" жана "Мекен" долбоорлордун жүрүшү жөнүндө айтып беришти.

Мындан тышкары, жолугушуунун катышуучулары тарабынан Кыргызстандын жарандарынын Казакстанда жүрүүсү тууралуу кызыктырган суроолору берилди. Ошондой эле, шайлоочулардын тизмесин түзүү тууралуу мурдагы шайлоолордо болгон кемчиликтер жөнүндө жана Кыргыз Республикасында алдыдагы парламенттик шайлоосуна Казакстандагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын катышуусу тууралуу айрым суроолор берилди.

Элчиликтин кызматкерлери тарабынан тиешелүү жооптор жана сунуштар берилип, ошондой эле Казакстандын аймагында шайлоочулардын тизмесин түзүү үчүн биометрикалык маалыматтардын берилүүсүнүн зарыл экендигин билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK