Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Элчиси Ж.Кулубаевды Казакстан Республикасынын Парламентинин Сенатынын Төрайымы Д.Назарбаева кабыл алынган

3426

2020-жылдын 3-мартында Нур-Султан шаарында Казакстан Республикасынын Парламентинин Сенатынын Төрайымы Д.Назарбаева Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ж.Кулубаевды кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун актуалдуу маселелери, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы парламенттер аралык кызматташтыкты кучөтүүнү талкуулашты.

Элчи Ж.Кулубаев маектешүчүүнүн көңүлүн ЕАЭБ алкагында эки өлкөлөнүн кызматташтыгынын маселелерине, анын ичинде кыргыз-казакстан чек арасында боло турган тоскоолдуктарды алып салууга, бурду.

Тараптар ошондой эле 2019-жылдын 27-ноябрында Казакстан Республикасынын Президенти К.Токаевдин Кыргыз Республикасына болгон мамлекеттик иш сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Элчи Ж.Кулубаев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Төрагасы Д.Джумабековдун жакын арада расмий иш сапары менен Кыргыз Республикасына келип кетүү чакыруусун тапшырды.

Жолугушуунун аягында тараптар эки өлкөлөрдүн ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө көмөк көрсөттүү максатында жумушчу байланыштарды андан ары колдоого макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK