Кыргызстандын Сауд Арабиядагы Элчиси Улукбек Марипов Сауд Арабиянын ТИМинин Азия өлкөлөрү Департаментинин Башкы директору Файсал Аламоди менен жолугушту

1313

2022-жылдын 16-майында Кыргыз Республикасынын Сауд Арабия Падышалыгындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Улукбек Марипов Сауд Арабия Падышалыгынын Тышкы иштер министрлигинин Азия өлкөлөрү Департаментинин Башкы директору Файсал Аламоди менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар эки тараптуу кызматташуунун бардык спектринин учурдагы абалын, ошондой эле аларды мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу, эки өлкөнүн ортосундагы келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү, эл аралык уюмдардын алкагында кызматташууну чыңдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулуп, аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

Тараптар пландаштырган эки тараптуу иш-чараларды биргелешип координациялоонун алкагында Элчи У.Марипов менен Ф.Аламоди тышкы иштер министрлик аралык саясий кеңешмелерди, Кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиянын кезектеги жыйынын, кыргыз-сауд бизнес форумун уюштуруунун, түз аба каттамдардын ачылышын, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Сауд Арабия Падышалыгынын ортосунда дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгына арналган башка иш-чараларды өткөрүү деталдарын талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында Элчи У.Марипов жана Файсал Аламоди эки өлкөнүн ортосунда каралып жаткан түрдүү тармактар боюнча келишимдердин жана меморандумдардын долбоорлорун илгерилетүү боюнча биргеликте тыгыз иш алып барууну макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK