Саясий кызматташтык

Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелер, 1993-жылдын 14-мартында белгиленген.  

1997-жылы Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Элчилиги ачылган. Азыркы учурда, Рустенбеков Жаныш Султанкулович, Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси. 2002-жылы, Кыргыз Республикасында Тажикстан Республикасынын Элчилиги ачылды. Азыркы учурда Олимзода Сухроб Ходжа Тажикстандын Кыргыз Республикасындагы Элчиси.

1996-жылы кабыл алынган Эл аралык мамилелер жөнүндөгү келишим жана 2004-жылы кабыл алынган Жакшы кошуналык жана өнөктүк мамилелер жөнүндөгү келишим, эки тараптуу кызматташтыктын негизги документтери болуп эсептелет.

Натыйжалуу артыкчылыктуу маселелерди чечүү үчүн жана эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн, Кыргызстан жана Тажикстан Мамлекеттер аралык макулдашуу кенешин, Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын тышкы иштер министрлеринин кенешин белгиледи. Ошондой эле, эки тараптын ортосунда Кыргыз-тажик эки тараптуу маселелерди комплекстүү карап чыгуу жана мамлекеттик чек араны тактоо жана аныктоо өкмөттөр аралык комиссиялары белгиленди. 

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы саясий кызматташуу туруктуу мүнөзгө ээ болуп, эки тараптык негизинде өнүгүп, ошондой эле эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагында, көп тараптуу негизинде да өнүгүп турууда. Эки тараптын кызматташуусу Бириккен Улуттар Уюмунун, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун, Шанхай кызматташтык уюмунун жана Ислам Кызматташтык Уюмунун алкагында өнүгүп жатат.

2018-жылдын 14 январында Кыргызстан жана Тажикстан дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгын белгиледи.

2018-жылы Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы эки тараптуу мамилелер күчтүү саясий байланыштар менен мүнөздөлгөн.

2018-жылдын 1-2 февралында, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу менен, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбеков Тажикстанга расмий сапары менен келди. Расмий сапардын жыйынтыгында, тогуз документке кол коюлду.

2018-жылдын 19-мартында, Душанбе шаарында эки тараптуу маселелерди комплекстүү кароо боюнча Кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссиянын 12-отуруму өткүзүлдү. Жолугушуунун жыйынтыгында, тараптардын соода-экономикалык, суу-энергетикалык, транспорт, маданий-гуманитардык мамилелерди жандандыруу максатындагы ниеттери кошулган 17 пункттары менен протоколго кол коюлду.

2018-жылдын 3 – 6 - майында, Душанбе шаарында «Терроризмге жана экстремизмге каршы күрөш» темасына өткөн эл аралык жогорку даражалуу жыйынына катышуу алкагында, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Э.Абдылдаев Тажикстанга расмий иш сапары менен барды.

2018-жылдын 31 май – 1 июнунда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М.Абылгазиев, Душанбе шаарында өткөрүлгөн Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин өкмөт башчыларынын кенешинин ишине катышуу алкагында, Тажикстанга иш сапары менен барды.

2018-жылдын 19-21-июнунда, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Ж.Разаков жетекчилигинин астында Кыргыз Республикасынын Өкмөт өкүлдөрү Душанбе шаарында өткөрүлгөн «Суу - Туруктуу өнүгүү үчүн» деп аталган эл аралык жогорку даражалуу конференцияда катышышкан.

2018-жылдын 27 сентябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбеков Душанбе шаарында өткөн Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин мамлекет башчыларынын кезегинде катышуу алкагында, Тажикстанга иш сапары менен келген.

2018-жылдын 11-12 октябрында, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М.Абылгазиев Душанбе шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун өкмөт башчыларынын жолугушуна катышты.

Жолугушуулар менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун бардык багыттары боюнча маселелер талкууланды. Ошондой эле кыргыз-тажик мамлекеттик чек араны тактоо жана чек ара маселелерине, жана эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагындагы кызматташтыкка өзгөчө көңүл бурулду. Кыргыз-тажик кызматташуусунун бардык маселелери боюнча өз ара түшүнүшүүгө жетишилди.