Элчи Ж.Рустенбеков ишеним грамоталарынын көчүрмөсүн тапшырды.
2018-жылдын 21-декабрында, Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси Ж.Рустенбеков, Тажикстан Республикасынын Тышкы иштер министри С.Мухриддинге ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты. Өзгөчө көңүл 2018-жылдын 1-2-февралында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбековдун Тажикстан Республикасына болгон расмий сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча иш-чараларды кабыл алуу зарылчылыгына бурулду.
Тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек араны тактоо жана аныктоо боюнча ишин жандандырууну макулдашышты.
Улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун төрөлүшүнүн 90 жылдык урматына, Элчи Ж.Рустенбеков Тажикстан Республикасынын Тышкы иштер министри С.Мухриддинге, Айтматовдун белгилүү тажик акыны М.Турсунзода менен бирге түшкөн архивдик сүрөтүн белек кылып берди.