Кыргызстандын Тажикстандагы Элчилигинде уюштурулган шайлоо участкасында добуш берүү аяктады
Жергиликтүү убакыт боюнча саат 20.00дө, Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Элчилигинде ачылган № 9024 шайлоо участкасында «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын референдумуна добуш берүү аяктады.
Добуш берүү санитардык коопсуздукту сактоо менен уюштурулду.