Маалыматтык билдирүү

1925

Үстүбүздөгү жылдын 6-7-майында Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Элчилигинин кызматкерлери Тажикстан Республикасынын жаза өтөө мекемелеринде жазасын өтөп жаткан КРнын жарандарынын укуктарын коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, ТРнын Вахдат шаарындагы 1-ЖӨМ, Душанбе шаарындагы 4-ЖӨМ жана Явон районундагы 6-ЖӨМ жазасын өтөп жаткан Кыргыз Республикасынын 4 жараны менен жолугушуу өткөргөн.

Иш сапардын жүрүшүндө Элчиликтин кызматкерлери КРнын жазасын өтөп жаткан жарандарын кармоонун шарттары менен таанышышкан. КРнын соттолгон жарандарына алардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын комплекстүү коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилген.

Мындан тышкары, мекемелерге баруунун алкагында Элчилик тарабынан ТРнын компетенттүү органдары менен өз ара байланышта КРда жашаган туугандары менен соттолгон КР жарандарынын видео байланышы уюштурулган.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK