Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ч.Айдарбеков Тажикстан Республикасынын Тышкы иштер министри С.Мухриддин менен жолукту

6562

2018-жылдын 13-мартында, Самарканд шаарында, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ч.Айдарбеков "Индия - Борбор Азия" диалогунун, Ооганстандын катышуусу менен болгон, биринчи жыйынынын алкагында, Тажикстандын Тышкы иштер министри С.Мухриддин менен жолугушуу өткөрдү.

Эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери, канааттануу менен кыргыз-тажик мамилелердин өнүгүшүн белгилеп, өз ара учурдагы актуалдуу маселелери талкуулады.

Жолугушуунун жыйынтыгында, тараптар чек ара кызматташууну, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы региондук долбоорлорду жылдыруу үчүн биргелешип иш кылуунун зарылдыгын белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK