Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Элчиси Ж.Рустенбеков Тажикстан Республикасынын Президенти Э.Рахмонго ишеним грамоталарын тапшырды

3821

2019-жылдын 15-мартында Душанбе шаарында Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Атайын жана  Ыйгарым Укуктуу Элчиси Ж.Рустенбеков Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмонго ишеним грамоталарын тапшырды.

Ишеним грамоталарды тапшыруу аземи Душанбе шаарындагы Улуттар Сарайында 9 чет мамлекеттердин элчилеринин катышуусунда (Кытай, АКШ, Иран Ислам Республикасы, Кыргыз Республикасы, Дания, Шри-Ланка, Венесуэла, Конго ж.б.) болуп өттү.

Аземдин жүрүшүндө, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон ар бир катышуучу өлкөлөр менен эки тараптуу мамилелердин оң жагынан өнүгүп жаткандыгы жөнүндө айтты. Ж. Рустенбековдун Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси кызматына киришкен учурдан тартып, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамилелер позитивдүү негизде, ынак коңшулук жана достук рухунда өнүгө берет деген ишеним билдирилди.

  • Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Элчиси Ж.Рустенбеков Тажикстан Республикасынын Президенти Э.Рахмонго ишеним грамоталарын тапшырды

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK