Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо

2926

2021-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо күнү күнү болуп белгиленген.

Тажикстан Республикасынын  аймагында убактылуу/туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашыруу үчүн, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Элчилигинде (№ 9024 УШК) шайлоо участогун бекитти.

Мыйзам боюнча биометрикалык маалыматтарын тапшырган жана чет өлкөлөрдө консулдук каттоодон өткөн жарандардын бардыгы, тиешелүү участокто шайлоочулардын тизмесине автоматтык түрдө кошулат.

Консулдук каттоого турбаган жана биометрикалык маалыматтарын тапшырбаган шайлоочулар Элчиликтин дарегине добуш берүү үчүн арыз менен кайрылууга укуктуу. Бул учурда Элчилик арыз түшкөндө шайлоочуну убактылуу консулдук каттоого алат. Арыз менен кайрылууну 2021-жылдын 12-ноябрына чейин жасоо зарыл.

Каттоого тургандыгы үчүн консулдук төлөмдөр алынбайт.

Шайлоочулардын алдын ала тизмеси «Тизме» (tizme.gov.kg) порталында жайгашкан жана шайлоо участокторунда илинет.

Добуш берүүгө 7 күн калганда шайлоо участогуна акыркы тизме илинет.

Добуш берүү үчүн шайлоочунун жанында Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID карт) же Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспорту, кызматтык же дипломатиялык паспорту болуусу зарыл.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK