Душанбе шаарында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30-жылдыгына карата бир катар иш-чаралар өткөрүлгөн

2584

2021-жылдын 25-сентябрында юбилейдик Күндү белгилөөнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Элчилиги Тажикстан Республикасындагы (ТР) “Мекендеш” улуттук-маданий Борбору менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30-жылдыгына арналган футболдук турнирин уюштурган.

Турнирге Тажикстан Республикасынын жогорку окуу жайларында билим алып жаткан Кыргыз Республикасынын жарандары катышкан.

Турнирдин аягында жеңүүчүлөр жана катышуучулар кубок жана белектер менен сыйланган.

Андан сырткары, 2021-жылдын 25-сентябрында Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Элчилигинде Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата Душанбе шаарында окуган Кыргызстандык студенттердин жана кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнүн катышуусунда маданий иш-чара уюштурган. Бул иш-чаранын алкагында режиссер Садык Шер-Нияздын “Курманжан Датка” кинотасмасы көрсөтүлдү.

Өз кезегинде, кыргыз студенттер М.Элебаев, К.Тыныстанов, А.Осмонов, Б.Сарногоев и ж.б. кыргыздын белгилүү акындарынын ырларын окушту. Мыкты окуп берүүчүлөр Чыңгыз Айтматовдун кыргыз тилиндеги китептер менен сыйланган.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK