Элчи Ж.Рустенбеков жана БААУнун Вице-президенти Ч.Шамшиев Тажикстандын Билим беруу жана илим министринин биничи орун басары менен жолугушту.

7058

2019-жылдын 28-мартында, Душанбе шаарында, Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ж.Рустенбеков жана Борбор Азиядагы Америка Университинин Вице-президенти Ч.Шамшиев, Тажикстан Республикасынын Билим берүү жана илим минитринин биринчи орун басары Рахматулло Мирбобоев менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө, БААУнун Тажикстандын университеттери менен кызматташтык, Тажикстанда БААУнун абитуриенттерди чогултуу кампанияны өткөзүү, БААУнун тажик студенттерине Тажикстандагы АКШ элчилигинин донордук каражаттар аркылуу, каржылоону көбөйтүү маселелери талкуулоого алынды. 

Рахматулло Мирбобоев илим жана билим берүү тармагында Борбордук Азия өлкөлөрүнүн эки тараптуу өнөктөштүк жана регионалдык байланыш бекемдөө кызыкчылыгында бул маселелер боюнча БААУ менен иштеген кызыкдар экендигин билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK