Кыргызстандын Тажикстандагы Элчилиги Эл аралык туристтик «Нооруз» майрамында катышуусу жөнүндө, пресс-релиз.

5071

2019-жылдын 23 мартында, Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Элчилиги, Душанбе шаарынын Ботаникалык бакчасында өткөн Эл аралык туристтик «Нооруз» майрамында катышты. Бул иш-чара Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Туризм өнүктүрүү боюнча комитети тарабынан уюштурулган.

Айтылган иш-чарада Тажикстандын туристтик агенттиктери, кол өнөрчүлөр, театр топтор жана Ноорузду майрамдаган өлкөлөрдүн дипломатиялык миссияларынын өкүлдөрү катышышты.

Тажикстандагы Кыргызстан Элчилиги майрамда Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө стенд, кийизден жасалган эстелик белектер жана Кыргызстандын улуттук тамактары койду. Майрамдын катышуучулары жана меймандар «Максым Шоро», «Тан» жана «Курут» кыргыз улуттук суусундуктарына өзгөчө кызыкты.

Ошондой эле, фестивалда, өткөн дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары жөнүндө стенд жасалып, Чынгыз Айтматовдун тажик тилинде чыккан китептери койулду.

  • Кыргызстандын Тажикстандагы Элчилиги Эл аралык туристтик «Нооруз» майрамында катышуусу жөнүндө, пресс-релиз.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK