Ысык-Көл облусунун Каракол шаары 2022-жылы КМШнын маданий борбору болот

2264

Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Каракол шаары Расмий түрдө Тажикстан Республикасынын Душанбе шаарынан эстафетаны кабыл алып, 2022-жылы Шериктештиктин маданий борбору болот.

Үстүбүздөгү жылдын 18-декабрында С.Айни атындагы Тажик мамлекеттик академиялык театрында "Душанбе – КМШ маданий борбору-2021" жылынын жабылышы жана 2022-жылга карата Каракол шаарына эстафетаны тапшыруу аземи болуп өттү.

Иш чаранын жүрүшүндө КМШ Аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары – Аткаруу катчысы Бекетжан Жумаханов жана Душанбе шаарынын төрагасынын Орун басары Амирхон Курбонзода сөз сүйлөштү, ал Каракол шаарына эстафетасын салтанаттуу түрдө өткөрүп берди. Кыргыз тараптан КРдин ТРгы Элчилигинин Кеңешчиси Медер Соорбеков саламдашуу сөзү менен чыгып, Каракол шаары үчүн 2022-жыл бардык социалдык жана маданий аспектилери боюнча көрсөткүч боло тургандыгын белгиледи.

Маалымдама: КМШ Мамлекет башчыларынын 2020-жылдын 18-декабрындагы чечими менен, 2022-жылы Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Каракол шаары 2022-жылы КМШнын маданий борбору болуп калган. Маданий борбор шаардын максаты-диалогдорду өнүктүрүү жана Шериктеш өлкөлөрдүн маданий потенциалын бириктирүү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK