Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн маанилүү маалымат

2357

2022-жылдын 17-январынан тартып чет өлкөдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын бардык дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө жана консулдук мекемелеринде Кыргыз Республикасынын улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүктөрүн алмаштырууга мүмкүнчүлүк алышат.

Бул консулдук кызматты киргизүү Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун 2021-жылдын 29-январындагы №4 «Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды көрүү жөнүндө» Жарлыгынын негизинде, чет өлкөдө жүргөн кыргыз жарандарына жагымдуу шарттарды түзүү жана көмөктөшүү максатында ишке ашырылган. 

Айдоочулардын күбөлүктөрүн алмаштыруу төмөнкүдөй негиздер боюнча жүргүзүлөт:

1) айдоочунун күбөлүгүнүн мөөнөтү аяктаганда;

2) айдоочунун күбөлүгүндө камтылган ээсинин жеке маалыматтары өзгөргөндө;

3) айдоочунун күбөлүгү эскиргендиктен же бузулгандыктан пайдалана албай калганда;

4) айдоочунун күбөлүгүн жоготкондо.

Белгилей кетсек, буга чейин айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу Кыргыз Республикасынын аймагында гана жүргүзүлүп келген.

Консулдук жыйым 25 АКШ долларын түзөт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK