Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдарынын биргелешкен чечимине ылайык, COVID-19 коронавирус инфекциясынын кирүүсүн жана жайылышын алдын алуу боюнча иш-аракеттердин алгоритми 2022-жылдын 30-апрелинен тартып жокко чыгарылды

1967

Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Элчилиги Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдарынын биргелешкен чечимине ылайык, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кесип өткөн Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга карата COVID-19 коронавирус инфекциясынын кирүүсүн жана жайылышын алдын алуу боюнча иш-аракеттердин алгоритми 2022-жылдын 30-апрелинен тартып жокко чыгарылганын маалымдайт.

Ошентип, 2022-жылдын 1-майынан тартып Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын аймагына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте эмдөө күбөлүгүн же ПЧР- тестирлөөнүн натыйжаларын көрсөтпөстөн кире алышат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK