Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев КМШнын Тышкы иштер министрлер Кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Душанбе шаарына келген

1549

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев КМШнын Тышкы иштер министрлер Кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Душанбе шаарына келген.

Отурумдун жүрүшүндө эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги маселелерди талкуулоо, ошондой эле КМШга мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчылар Кеңешинин жана Мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйындарына сунушталган чечимдерди кароо пландалууда.

Мындан тышкары, министр Ж.Кулубаевдин иш сапарынын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлөт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK