Душанбе шаарында КМШга катышкан мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин кезектеги отурумунун аянтчасында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Өзбекстан Республикасынын Тышкы иштер министринин м.а. Владимир Норов менен жолугушту

1562

2022-жылдын 13-майында Душанбе шаарында КМШга катышкан мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин кезектеги отурумунун аянтчасында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Өзбекстан Республикасынын Тышкы иштер министринин м.а. Владимир Норов менен жолугушуусу болуп өттү.

Тараптар кыргыз-өзбек кызматташтыгынын күн тартибинин актуалдуу маселелерин, стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүүнүн перспективаларын жана мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты. Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүү процессин тез арада аяктоо зарылдыгына басым жасалды.

Транспорт жана гидроэнергетика тармагындагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери боюнча пикир алмашышты.

Тараптар достуктун, ынак коңшулук жана стратегиялык өнөктөштүктүн негизинде кыргыз-өзбек мамилелерин мындан ары кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө, ошондой эле эң жогорку жана жогорку деңгээлде иш сапарларды уюштурууга эки тараптуу даярдыгын билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK