Маалыматтык билдирүү

1974

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 25-мартындагы № 102 «Чет мамлекеттерде жашаган мекендештерге билим берүү жана улуттук маданият маселелеринде колдоо көрсөтүү боюнча чаралар жөнүндө»  Жарлыгын жана 2003-жылдын 3-декабрындагы № 752 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомун ишке ашыруу максатында, 2022-2023-окуу жылына карата Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Тажикстан Республикасында жашаган этникалык кыргыздар үчүн Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунда билим алуу үчүн 25 бюджеттик орун бөлгөн (ЖОЖдор жана адистиктер тизмеси).

Бөлүнгөн квотанын чегинде Кыргыз Республикасынын ЖОЖдоруна документтерди кабыл алуу 2022-жылдын 27-июлунан тартып http://student.edu.gov.kg/ онлайн системасында, «Тажикстан Республикасы. 2022-2023-окуу жылына Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына чет өлкөдө жашаган этникалык кыргыздарды кабыл алуу.”->, 2022-жылдын 19-августу саат 23:59га чейин талап кылынган тилкелерди толтуруп, бардык керектүү документтерди жүктөө зарыл.

Керектүү документтер:

1. Паспорттун же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн (паспорту жок болгон учурда) орус же кыргыз тилине которулган, нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү.

2. Билими тууралуу документтин (аттестат же диплом) тиркемеси менен орус же кыргыз тилине которулган, нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү.

3. Үй-бүлөнүн курамы жөнүндө маалымат.

4. Талапкерлердин академиялык тармактагы жетишкендиктерин тастыктаган сертификаттар, дипломдор (бар болсо).

5. Медициналык справка 086-ж.

6. ВИЧ/СПИД жок экендиги жөнүндө маалымкат.

7. Сүрөт

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK