Кыргызстандын Тажикстандагы Элчиси Эрлан Абдылдаев Тажикстандын Жерге жайгаштыруу жана геодезия боюнча мамлекеттик комитетинин Төрагасы Хожазода Ориф Ашури менен жолугушту

1290

2022-жылдын 12-августунда Душанбе шаарында Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Элчиси Э.Абдылдаев Тажикстан Республикасынын Жерге жайгаштыруу жана геодезия мамлекеттик комитетинин төрагасы – кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын топографиялык жумушчу тобунун жетекчиси О.Хожазода менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун ишмердүүлүгүн талкуулашты жана пикир алышты.

Кыргызстандын Элчиси Э.Абдылдаев 2022-жылдын 21-июлунда Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын мамлекет башчыларынын чек ара маселелери боюнча сүйлөшүүлөр процессин активдештирүү боюнча жетишилген макулдашууларын ишке ашырууга кыргыз тарап даяр экендигин ырастады.

Өз кезегинде, Тажикстан Республикасынын Жерге жайгаштыруу жана геодезия боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы О.Ходжазода тажик тарап топографиялык жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусун Тажикстан Республикасынын аймагында уюштурууга даяр экендигин билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK