Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 30-жылдыгын майрамдоонун алкагында Душанбе шаарында ушул датага арналган футболдук турнир уюштурулду

108

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 30-жылдыгын майрамдоонун алкагында Душанбе шаарында ушул датага арналган футболдук турнир уюштурулду.

Турнирге Тажикстан Республикасынын ЖОЖдорунда окуган жана Душанбе шаарында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары катышты.

Турнирдин соңунда жеңүүчүлөргө жана катышуучуларга кубоктор жана эстелик белектер тапшырылды.

Элчилик турнирдин катышуучуларын Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 30-жылдыгы менен куттуктап, Кыргызстандын эгемендүү жана көз карандысыз мамлекет катары калыптанышында Конституциянын ролун белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK