Кыргызстандын Тажикстандагы Элчиси Эрлан Абдылдаев Тажикстандын башкы прокурорунун Орун басары Дилшод Талбакзода менен жолугушту

136

2023-жылдын 2-июнь күнү Душанбе шаарында Кыргызстандын Тажикстандагы Элчиси Эрлан Абдылдаев Тажикстандын башкы прокурорунун Орун басары Дилшод Талбакзода менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде ТРнын аймагында КРнын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жаатында, ТРда соттолгон кыргыз жарандарын Кыргызстандын жаза өтөө мекемелерине которуу мүмкүндүгүн жана өз ара кызыкчылык туудурган башка маселелерди талкуулашты.

Тараптар КРнын ТРдагы Элчилиги менен ТРнын Башкы прокуратурасынын ортосунда зарыл болгон өз ара аракеттенүүнү улантууну макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK