Кыргызстандын Тажикстандагы Элчиси Эрлан Абдылдаев Тажикстан Республикасынын эмгек, миграция жана калкты иш менен камсыз кылуу министри Гулнора Хасанзода менен жолугушту

147

2023-жылдын 6-июнунда Душанбе шаарында Кыргызстандын Тажикстандагы Элчиси Эрлан Абдылдаев Тажикстан Республикасынын эмгек, миграция жана калкты иш менен камсыз кылуу министри Гулнора Хасанзода менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде миграция чөйрөсүндө, Кыргыз Республикасынын жарандарынын Тажикстан Республикасында жүрүүсүнүн маселелерин жана эки тарапты кызыктырган бир катар башка маселелерди талкуулашты.

Тараптар Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Элчилиги менен Тажикстан Республикасынын эмгек, миграция жана калкты иш менен камсыз кылуу министрлигинин ортосундагы зарыл болгон өз ара аракеттенүүнү улантууга макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK