Этникалык кыргыздар үчүн ЖОЖдорго документтерди кабыл алуунун мөөнөтү 2023-жылдын 19-августуна чейин узартылды

108

2023-2024-окуу жылына Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунда билим алууга чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздар үчүн 75 квота бөлүнгөн.

Сынакка этникалык кыргыздар - Казакстан Республикасынын, Кытай Эл Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын, Тажикстан Республикасынын, Түркия Республикасынын жана Пакистан Ислам Республикасынын жарандары катыша алышат.

Сынактык тандоого катышуу үчүн талапкерлер Билим берүү жана илим министрлигинин  https://student.edu.gov.kg/ онлайн системасына катталып, “Чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздарды Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына 2023-2024-окуу жылында кабыл алуу” бөлүмүнө бардык керектүү документтерди жүктөшү керек. Ошондой эле 2023-жылдын 18-августу саат 23:59га чейин милдеттүү болгон талааларды толтуруу зарыл.

Конкурстук программага катышуу боюнча суроолорго маалымкаттар иш күндөрү саат 15: 00дөн 17: 00гө чейин +996(312)625082, 621519, 620497 телефондору аркылуу берилет. Ошондой эле программага катышуу боюнча суроолорду icipd.moes@gmail.com электрондук дарегине жиберсе болот.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK