31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Элчилигинин имаратынын мамлекеттик туусу жаңыртылды.

106

Бүгүн, 31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Элчилигинин имаратынын мамлекеттик туусу жаңыртылып, өлкөбүздүн көз карандысыздыгынын 32 жылдыгы Элчиликтин кызматкерлери жана Тажикстанда жашаган кыргыз жарандары тарабынан белгиленди.

Эгемендүүлүк, мамлекеттик көз карандысыздык – улуттун, элдин, мамлекеттин же өлкөнүн саясий көз карандысыздыгы, эгемендүүлүгү болуп саналат. Бүгүн, Кыргызстандын аймактарында жана бир катар башка өлкөлөрдө да Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү салтанаттуу түрдө майрамдалып жатат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK