Тышкы иштер министри Ж.Кулубаев Душанбеде Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышты

73

2023-жылдын 13-сентябрында Душанбе шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Борбор Азия мамлекет башчыларынын боло турган Бешинчи Консультативдик жолугушуусуна жана саммиттин жыйынтыктоочу документине даярдыктарды талкуулашты. Ошондой эле саясий өз ара аракеттенүүнү бекемдөө, туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылуу, экономикалык өнүгүүнү тереңдетүү, гуманитардык байланыштарды жана аймактык коопсуздукка чакырыктарга жана коркунучтарга биргелешип жооп берүү максатында кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алышты.

Министр Ж.Кулубаев Консультативдик жолугушуулар жогорку деңгээлдеги үзгүлтүксүз диалогду колдоо жана аймактык көйгөйлөрдү талкуулоо үчүн бекем негиз түзүп, ошондой эле Борбордук Азия мамлекеттеринин ортосундагы өз ара ишенимди олуттуу түрдө бекемдегенин белгиледи. Кыргызстан региондук интеграциялык процесстерди мындан ары тереңдетүүгө умтулат, бул региондун өлкөлөрүнө болгон көйгөйлөрдү чечүүдө конкреттүү натыйжаларга жетишүүгө жана элдерибиздин бакубаттуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Маданий-гуманитардык чөйрөгө келсек, Маданият күндөрүн өткөрүү практикасын улантуунун, маданий фестивалдарга, көргөзмөлөргө жана илимий изилдөөлөргө өз ара катышуунун, ошондой эле тарыхый жерлерге баруу менен туризмди активдүү өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK