Президент Садыр Жапаров Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту

75

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 13-октябрда, Бишкек шаарында өтө турган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин (КМШ МБК) жыйынынын алкагында Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту.

Өлкө лидерлери кыргыз-тажик эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, темалардын кеңири спектрин, анын ичинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле алар регионалдык жана эл аралык күн тартиби жана КМШ МБК жыйыны боюнча пикир алмашты.

Мамлекет башчылары эки өлкөнүн жана элдердин ортосундагы ынак коңшулукту бекемдөө максатында үзгүлтүксүз саясий диалогду улантуунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эки тараптуу мамилелердин бардык спектри боюнча ачык жана мазмундуу сүйлөшүүлөргө даяр экендиктерин билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK