Элчи Э.Абдылдаев Тажикстан Республикасынын Транспорт министри А. Иброхим менен жолугушту

99

2023-жылдын 24-октябрында Душанбе шаарында Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эрлан Абдылдаевдин Тажикстан Республикасынын Транспорт министри Азим Иброхим менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө транспорт тармагындагы кыргыз-тажик кызматташуунун маселелери, көп тараптуу аянтчалардагы тараптардын өз ара аракеттенүүсү жана ушул жылдын 14-сентябрында Душанбе шаарында өткөн Борбордук Азия Мамлекет башчыларынын Бешинчи Консультативдик жолугушуусунун жыйынтыктары талкууланды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK