Худжанд шаарында өтүүчү көчмө консулдук кызмат тууралуу пресс-релиз

149

Урматтуу Тажикстан Республикасындагы Кыргыз Республикасынын жарандары!

Элчилик тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарын документтештирүү жана юридикалык консультациялык жардам көрсөтүү максатында 2024-жылдын 15-февралынан 16-февралына чейин Тажикстан Республикасынын Худжанд шаарында жарандарга көчмө консулдук кызматтар көрсөтүлөт.

Эгерде жол алыстыгына байланыштуу Душанбе шаарындагы Элчиликтин кеңсесине келе албай жүргөндөр болсо, төмөндөгү телефон номери аркылуу байланышып, кайрылсаңыздар болот. Сурап-билүү телефону: +992887782223 (WhatsApp).

Элчилик, Согди облусунда жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарына, алардын туугандарына жана жакындарына пландалган көчмө консулдук кызмат жөнүндө кабарлоону суранат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK