Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2024-жылдын 7-мартындагы маалыматтык билдирүүсү

159

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты С.Айжигитов көтөргөн маселе боюнча Тышкы иштер министрлиги төмөндөгүлөрдү билдирет. 

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги, Тажикстандагы Элчилиги К.Юлдошев кармалган мезгилден тартып азыркы күнгө чейинки процессуалдык иштери, мөөнөтүн өтөп жаткан мекеме жана ал жерде кармоо шарттары жөнүндө толук маалыматка ээ. Ошондой эле, К.Юлдошевдин энеси, бир тууганы менен тыгыз байланыш кармап, аларды такай маалымдап турат.

Кыргыз Республикасынын жараны Тажикстан Республикасынын Исфара районунун тургуну 1988-жылда туулган К.Юлдошев, 2023-жылдын 20-январында Тажикстандын сот органдары тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин тыңчылык беренеси менен соттолгон. 

Аталган жаранды Кыргызстанга которуу маселеси боюнча Кыргыз Элчилиги Тажикстандын тиешелүү мамлекеттик органдары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Кыргызстандын мамлекеттик органдары менен биргеликте, эл аралык келишимдерге ылайык керектүү ишти алып барууда.

Кыргыз жараны К.Юлдошевге коюлган айыптын өзгөчөлөгүнө байланыштуу аны Кыргызстанга которууга адаттагыдан кошумча мөөнөт талап кылынат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK