Топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 28,37 чакырымын макулдашты

115

Жетишилген макулдашууга ылайык, 2024-жылдын 24-мартынан 29-мартына чейин Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен шаарында Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер жана топографиялык топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.

Бул жолугушууда топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 28,37 чакырымын макулдашты. 

Тараптар Тажикстан Республикасынын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда калган аймактарды аныктоо боюнча ишти улантышат.

Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.

Жолугушуу достук маанайда жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өттү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK