Элчи Э.Абдылдаев Тажикстандын Чет өлкөлөр менен достук жана маданий байланыштар коомунун Төрагасы С.Хайруллоев менен жолугушту
2024-жылдын 16-апрелинде Душанбе шаарында Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эрлан Абдылдаевдин Тажикстандын Чет өлкөлөр менен достукт жана маданий байланыштар коомунун Төрагасы Сайдулло Хайруллоев жана “Кыргызстан-Тажикстан” достук коомунун мүчөлөрү менен жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоодо элдик дипломатиянын механизмдерин колдонуу маселесин жана өз ара сапарларды, биргелешкен маданий иш-чараларды өткөрүүнү талкуулашты.
Элчи Эрлан Абдылдаев Тажикстандын Чет өлкөлөр менен достуктун жана маданий байланыштар коомунун базасында жаңы "Кыргызстан-Тажикстан" достук коому түзүлгөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.
Тараптар Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Элчилиги менен Тажикстандын Чет өлкөлөр менен достуктун жана маданий байланыштар коомунун ортосундагы зарыл болгон өз ара аракеттенүүнү улантууну макулдашышты.