Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Жаныш Рустенбеков Тажикстан Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата арналган салтанаттуу иш-чарага катышты

3699

2019-жылдын 9-сентябрында Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Жаныш Рустенбеков Тажикстан Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Майрамдык иш-чара Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон, мамлекеттик, коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн, парламенттин, өкмөттүн жана дипломатиялык корпустун мүчөлөрүнүн катышуусунда “Наврузгох” комплексинде өттү.

Өз сөзүндө, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон иш-чаранын катышуучуларын Тажикстан Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 28 жылдыгы менен куттуктады жана Көз карандысыздык жылдары Тажикстандын жетишкендиктерин белгиледи. Салтанат искусствонун мастерлери аткаруусундагы концерт менен улантылды.  

Жогоруда белгиленген иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Жаныш Рустенбеков Тажикстан Республикасынын Тышкы иштер министри С.Мухриддин, Тажикстан Республикасынын Президентинин тышкы байланыштар боюнча жардамчысы А.Шарифи жана башка министрликтердин жетекчилери менен жолугушуулары болуп кыргыз-тажик мамилелеринин актуалдуу маселелери жана өзгөчө чек ара аралык кызматташтыгы талкууланган.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK