Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Элчилигинде Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тил жөнүндө» Мыйзамынын кабыл алынышынын 30 жылдыгына арналган «Эне тилим –Эне сүтүм» аттуу маданияттык иш-чарасы болуп өткөн

7048

2019-жылдын 11-октябрында Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Элчилигинде Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тил жөнүндө» Мыйзамынын кабыл алынышынын 30 жылдыгына арналган «Эне тилим –Эне сүтүм» аттуу маданияттык иш-чарасы болуп өткөн, ал иш-чарада Душанбе шаарынын ЖОЖда окуган Кыргызстандык студенттер жана диаспоранын өкүлдөрү катышкан.

Юбилейдик иш-чарада Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Элчилиги кыргыз маданияты менен тилин сактоонун, жана кийинки муунга өткөрүп берүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, ошондой эле мамлекеттик тилдин статусу жана анын өнүгүшүнүн абалы тууралуу катышуучуларга маалымдаган.

Өз учурунда кыргыз студенттери кыргыз акындарынын ыр-саптарынан окуп беришип, мектеп окуучулары «Эне тилим-эне сүтүм» аттуу темада сүрөттөрүн тартуулашкан, иш-чаранын аягында аларга Чынгыз Айтматовдун кыргыз тилинде жазылган китептери белек катары берилген.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK