Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Элчилиги Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрликтери арасындагы маалымат чөйрөсүндө өз ара аракеттенүүсү жөнүндө" деген темадагы, консультацияларына катышты
Үстүбүздөгү жылдын 18-октябрында Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Элчилиги «КМШга кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрликтери арасындагы маалымат чөйрөсүндө өз ара аракеттенүүсү жөнүндө» деген темадагы консультацияларына катышты.
Иш-чара алкагында КМШга кирген өлкөлөрдүн тышкы саясатты маалыматтык коштоосу боюнча тажрыйба алмашуу, медиалык иш-чараларды уюштуруу жана өз ара аракеттешүүнү кеңейтүү боюнча маселелери талкууланган.
Тараптар КМШга кирген өлкөлөрүнүн журналисттеринин медиа-форумдарын, пресс-турларын жана стажировкаларын, анын ичинде КМШнын Аткаруу комитетинде өткөрүү маселелеринин мүмкүнчүлүгү каралган.
КМШга кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрликтери арасындагы консультацияларынын жыйынтыктары боюнча тийиштүү протокол кабыл алынган.