Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Атайын жана ыйгарым Укуктуу Элчиси Жаныш Рустенбековдун Япониянын Тажикстан Республикасындагы Атайын жана ыйгарым Укуктуу Элчиси Такаюки Мияшита менен жолугушуусу болуп өттү
2019-жылдын 11-декабрында Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Атайын жана ыйгарым Укуктуу Элчиси Жаныш Рустенбековдун Япониянын Тажикстан Республикасындагы Атайын жана ыйгарым Укуктуу Элчиси Такаюки Мияшита менен жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушууда кыргыз-япон кызматташтыгы, анын ичинде регионалдык коопсуздук маселелери талкууланган. Ошондой эле актуалдуу эл аралык маселелер жана жогорку тактык технологиялары чөйрөсүндө кызматташтыкты активдештирүү зарылдыгы боюнча пикир алмашуулар болгон.
Ж.Рустенбеков эки тараптуу кыргыз-япон мамилелери маданий-гуманитардык чөйрөдө, жана Япониянын Кыргыз Республикасындагы ишке ашырып жаткан социалдык-экономикалык долбоорлорун өнүгүшүн оң белгиледи, ошондой эле маектешине Кыргызстандын гидроэнергетикалык чоң потенциалы бар экендигин маалымдаган