Маалыматтык билдирүү

4682

Киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык,  калктын ден-соолугун камсыз кылуу жана коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу үчүн кабыл алынган чет өлкөлүктөрдү жана жарандыгы жок адамдарды Кыргызстанга өткөзүү боюнча чектөөлөрдүн шарттарында, Кыргыз Республикасына кошумча төмөнкү категориядагы чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар кире алышат:

- Кыргызстандын жогорку окуу жайларында окуган чет мамлекеттердин жарандары жана жарандыгы жок адамдар (окуган жеринен справка берилгенде);

 - чет мамлекеттердин жарандары жана Кыргызстанда туруктуу жашоого уруксаты бар жарандыгы жок адамдар;

- Кыргызстандын аймагындагы медициналык мекемелерге дарыланууга жиберилген чет мамлекеттердин жарандары жана жарандыгы жок адамдар (документтик тастыктоо менен);

- жакын туугандарынын акыркы сапарга узатуу зыйнатына барган чет мамлекеттердин жарандары жана жарандыгы жок адамдар (жакын туугандык байланыштары жана өлүм фактысы документалдык түрдө тастыкталса);

чет мамлекеттердин жарандары жана жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын жарандарына үй-бүлө мүчөлөрү болуп эсептелген учурда (жакын туугандык мамилелер документалдык түрдө тастыкталса - жубайы, ата-энеси, балдары, неберелери).

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK