Тажикстан Республикасында жашаган этникалык кыргыздарды Кыргыз Республикасынын ЖОЖна бюджеттик орундарга кабыл алуунун алкагында тестирлөө болуп өткөн

3718

2020-жылдын 18-сентябрь күнү Душанбе ш. Кыргызстандын Тажикстандагы Элчилигинин көмөк көрсөтүүсү менен Тажикстан Республикасында жашаган этникалык кыргыздарды Кыргыз Республикасынын ЖОЖна бюджеттик орундарга кабыл алуунун алкагында тестирлөө болуп өткөн.

Тестирлөө бардык санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди сактоо менен өткөрүлгөн, жүргүзүлгөн тестирлөөнүн жыйынтыктары КР ББжИМ билим берүү жана маалыматтык технологиялардын сапатын баалоо Улуттук борборунун жооптуу кызматкерлери тарабынан текшерилип Кыргыз Республикасынын билим  берүү  жана илим Министрлигинин расмий сайтына жарыяланган.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK