Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ж.Рустенбековдун Тажикстан Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары М.Хусейнзода менен жолугушуусу болуп өттү

3309

2020-жылдын 26-октябрь күнү Душанбе шаарында Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ж.Рустенбековдун Тажикстан Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары М.Хусейнзода менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Ж.Рустенбеков маектешин Кыргыз Республикасындагы ички саясий абал тууралуу жана КР Президентинин милдетин аткаруучу С.Жапаровдун жетекчилиги астында жаңы КР Өкмөтү тарабынан мамлекеттик башкаруу системасын реформалоо боюнча аракеттерин жана өлкөдөгү кырдаал турукташып, саясий процесстер укуктук талаада өнүгүп жатканын белгиледи. Элчи Кыргыз Республикасы өзүнүн бардык эл аралык милдеттенмелерин жана буга чейин кол коюлган эки тараптуу жана көп тараптуу келишимдердин жана макулдашуулардын так аткарылышын толугу менен сактай тургандыгын баса белгилеген.

Ошондой эле тараптар эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын, Өкмөт башчыларынын жана тышкы саясий мекемелердин деңгээлинде эки тараптуу кызматташууну мындан ары да өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты жана кыргыз-тажик эки тараптуу мамилелеринин актуалдуу маселелеринин саясий, маданий-гуманитардык, суу-энергетикалык жана башка чөйрөлөрдө, анын ичинде региондук жана эл аралык уюмдардын алкагында биргелешкен өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин караган. Өзгөчө көңүл кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо маселесине бурулган.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы достук мамилелери мындан ары дагы өз ара пайдалуу кызматташуунун  жана ынак коңшулукту бекемдөөнүн негизи болуп кызмат кылат деген ишеничи билдирилди. 

 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK